Педагогика жана психология факультетин ким жетектемей болду?

Main News

Педагогика жана психология факультетин ким жетектемей болду?

Image

Ош мамлекеттик университетинде факультеттин деканын шайлоо жобосуна ылайык 25-мартта Педагогика жана психология факультетинин декандык кызмат ордуна шайлоо өттү.

Шайлоонун жыйынтыгында көпчүлүктүн добушу менен педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Муратбаев Бактыбек Бакасович педагогика жана психология факультетине декан болуп 5 жылдык мөөнөткө шайланды.

Б. Муратбаев аталган факультеттин БМЧББПП кафедрасынын доценти, ал 2023-жылдын март айынан тартып декандын милдетин аткаруучу кызматын аркалап келген.

Photogallery