Көчмө коллегияда жаңы иштелип чыккан мыйзамдык базалар, долбоорлор талкууланды

Main News

Көчмө коллегияда жаңы иштелип чыккан мыйзамдык базалар, долбоорлор талкууланды

Image

Коллегияда  Лицензиялоо жана аккредитациялоо башкармалыгынын башчысы Калдыбай уулу Мирлан “Билим берүү уюмдарын жана билим берүү программалардын аккредитациялоонун жыйынтыктары  жөнүндө”, министрликтин мектеп, мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Усеналиев “Жалпы билим берүүчү уюмдарда каражат чогултуу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарынын мугалимдери жана  окуучулары үчүн «Мектеп –биздин жашыл үйүбүз» аттуу экологиялык сынагын уюштуруу жөнүндө”, министрдин  орун басары Нурлан Омуров “Жогорку окуу жайлардын ректорлорунун Эл аралык Форумун өткөрүү жөнүндө”, ОшМУнун ректору  Кудайберди Кожобеков “Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы  ченемдик укуктук  актыларды оптимизациялоо жөнүндө”, министрликтин коррупциянын алдын алуу боюнча секторунун башчысы Марат Усупбеков “Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин  коррупциянын алдын алуу боюнча иш-чараларын ишке ашыруу” долбоорлору тууралуу баяндамаларды жасашты. Жыйындын жүрүшүндө сунушталган долбоорлор, мыйзамдар боюнча талкуулар жүрдү.

Жыйындын жүрүшүндө 2020-2021-окуу жылында Ош мамлекеттик университетине бюджеттик негизде бүтүрүүчүлөрү эң көп тапшырган Кара-Суу районунун, Ноокат районунун, Алай районунун билим берүү бөлүмдөрүнүн башчыларына, Ош шаарындагы Нышанов атындагы, Нариман атындагы жана Киров атындагы орто мектептеринин директорлоруна университеттин сыйлыктары тапшырылды.

Учурда көчмө коллегиянан катышуучулары ОшМУнун билим берүү базасы, программалык жабдуулары, жаңы курулуштары менен таанышуда.

 

Фото галерея