Көчмө коллегиянын алкагында коноктор ОшМУнун билим берүү базасы менен таанышты

Main News

Көчмө коллегиянын алкагында коноктор ОшМУнун билим берүү базасы менен таанышты

Image

ОшМУнун базасында өткөн министрликтин көчмө коллегиясынын катышуучулары окуу жайдын Индустриалдык-педагогикалык колледжинин алдыңкы тажрыйба борборунда  болуп, Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти  Рыспай Абдыкадыровдун музейинде болушту.   

Коноктор университеттин санариптик билим берүү чөйрөсү жана ачык-айкындуулукту камсыздоо боюнча аткарылган иш-аракеттерин көрүп,  окуу жайдын автоматташтырылган маалыматтык системасы,  «Онлайн прокторинг» технологиясы менен компьютердик тестирлөө, электрондук документ айлантуу системасы, каржы-экономикалык иш-аракеттеринде ачык-айкындуулукту камсыздоо жана автоматташтыруу багытында аткарылган иштер менен таанышышты. Ошондой эле университеттин Искусство, Кыргыз-кытай факультеттериндеги билим берүүдөгү тажрыйбаларын көрүштү.  

Фото галерея