Медицина факультетинин 10 студенти эс алууга жолдомо алды

Main News

Медицина факультетинин 10 студенти эс алууга жолдомо алды

Image

Медицина факультетинин 1-курсунда билим алган, окууда жана коомдук иштерде жигердүү катышкан 10 студентке окуу жайдын профилакториясына жолдомо берилди. Жолдомону  факультеттин 1-курстарды кабыл алуу кечесинде ОшМУнун кесиптик бирлигинин төрагасы Абсамат Саттаров тапшырды.
Кабыл алуу кечесинде окуу жайдын маданий жана илимий, билим берүү  тармагына кошкон салымы үчүн медицина факультетинин деканы Исматилла  Ыдырысовго ректор Кудайберди Кожобековдун Ыраазычылык баракчасы берилди.
Кечеге ОшМУнун тышкы байланыштар боюнча проректору Курсантбек Аттокуров, коомчулук менен иштөө жана жаштар саясаты боюнча проректору Нуржамал  Мапаева, ОшМУнун кесиптик бирлигинин төрагасы Абсамат Саттаров факультеттин окутуучулары, студенттер катышты. Кечеде студенттер концерттик программа тартуулашып, 1-курска кабыл алынган студенттер ант беришти.
2023-2024-окуу жылында ОшМУ боюнча медицина факультетине эң көп студент тапшырган. Алардын көпчүлүгү дарылоо иши адистигин тандаган.

Photogallery