ОшМУда илим жумалыктары уланууда

Main News

ОшМУда илим жумалыктары уланууда

Image

Ушул тапта жумалыктардын алкагында аймактык, эл аралык илимий   конференциялар, семинарлар, студенттик илимий конференциялардын цикли, илимий конкурстар, акыл-таймаш оюндары, көргөзмөлөр, студенттик олимпиадалар өткөрүлүүдө. Иш-чаралар кадимки жана онлайн, аралаш форматта уюштурулууда.

Илим жумалыгынын алкагында өтүп жаткан ар бир иш-чарага  университеттин профессордук-окутуучулук курамы, аспиранттар, магистранттар, студенттер, Кыргызстандагы жана алыскы, жакынкы чет өлкөлөрдүн илимпоздору катышууда. Иш-чаралардын видеоматериалдары окуу жайдын сайтына, ютуб каналына жайгаштырылып, шилтемелери студенттерге жөнөтүлүүдө.

“Учурда илим жумалыктарынын алкагында пландалган иш-аракеттерибиз  системалуу аткарылууда.  Быйыл өтүп жаткан иш-чаралар аралаш форматта факультеттерде,  коллеждерде,  кафедраларда үзгүлтүксүз, жигердүүлүк менен уюштурулду. Университетте илим жумалыктары май айынын аягында жыйынтыкталат»,- деди Аспирантура бөлүмүнүн  башчысы, доцент Гүлжамал Анарбаева.

Ош мамлекеттик университетинде илим жумалыктары салттуу иш-чара катары жыл сайын март, апрель, май айларында үзгүлтүксүз өткөрүлүп келет.

            

 

 

Photogallery