ОшМУ баткендиктерге психологиялык жардам көрсөтүүдө

Main News

ОшМУ баткендиктерге психологиялык жардам көрсөтүүдө

Image

ОшМУнун психология кафедрасынын окутуучулары жана студенттери Баткенде психологиялык жардам көрсөтүүдө.

Окуу жайда түзүлгөн атайын топ Баткендеги кыргыз-тажик окуясынан жабыр тарткан үй-бүлөлөргө, жаш балдарга биринчи психологиялык жардам берүү максатында 30-апрелде Ош шаарынан жөнөп кетишкен.

ОшМУнун психология кафедрасынын башчысы, практик психолог Акчач Жолдошева жетектеген топто окутуучулар  Айида Шерматова, Данияр уулу Нурсултан жана студент психологдор Зарина Абжаббарова, Акылай Тилебалдыева, Айназик Абдуллакимова, Жазгул Маматова бар.

Психологдор Кызыл чырым, Кызыл жарым Ай жана  Баткен шаарындагы "Толеранттуулук үчүн" коомдук фонду менен биргеликте системалуу иш алып барышууда.

Учурда ОшМУнун психологдору аралыктан жана кадимки форматта психологиялык жардамга муктаж үй-бүлөлөрдөгү аялдардын, балдардын психоэмоционалдык абалын баалап, тиешелүү психологиялык жардамдарды көрсөтүүдө.

 Баткен элине жардам берүү максатында 30-апрелде ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамы айлык маянасынын эсебинен 1 млн. сом акча которуу чечимин кабыл алган.

Фото галерея