Бүгүн, 15-январда ОшМУда аспиранттар жана изденүүчүлөр үчүн илимий-изилдөө иш аракеттерин уюштуруунун негизги эреже-талаптары боюнча тренинг өткөрүлдү.
Окутууда жаңы кабыл алынган ченемдик-укуктук актылардагы өзгөрүүлөр, илимий-изилдөө иш-аракеттерин жүргүзүүдөгү, кандидаттык диссертацияны коргоого чыгуу үчүн негизги эреже-талаптар тууралуу маалымат берилди.
Аспиранттарга Улуттук аттестациялык комиссиянын сайтында жеке кабинеттер түзүлүп, кандидаттык диссертацияларынын темалары РЕЕСТРге катталды.
Тренинг-семинар аспирантура жана докторантура бөлүмү тарабынан уюштурулду.