Science and education

Main News

Science and education

Image

ОшМУнун  дипломдон кийинки медициналык билим берүү факультетинде илим жумалыгына арналган “Илим жана билим берүү” деген аталыштагы конференция уюштурулду.

Конференцияда клиникалык насаатчылар, дарыгерлер, клиникалык ординаторлорлор баяндамаларды жасашты. Стоматологдордон мастер-класстар көрсөтүлдү. Ошондой эле пандемия учурунда уюштурулган “Ординатор ковид учурунда” деген аталыштагы онлайн видео-ролик сынагынын жыйынтыгы чыгып, жеңүүчүлөр сыйланды.  Конференциянын иши 3 секцияда уланды.

ОшМУнун  дипломдон кийинки  медициналык  билим берүү факультети  28 адистик боюнча угуучуларды    ординатурага  кабыл алып,  жогорку  кесиптик деңгээлдеги адистерди  даярдап келет.

 

Фото галерея