ЖОЖдордо 12 жылдык окутууга өтүү боюнча кандай иштер жасалууда?

Main News

ЖОЖдордо 12 жылдык окутууга өтүү боюнча кандай иштер жасалууда?

Image

26-30-августта ОшМУнун педагогика, искусство жана журналистика институтунда «12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүүдө: билим берүүнүн мамлекеттик стандарттары, окуу пландары, Кембридж математика, табият таануу окуу программаларынын өзгөчөлүктөрү» деген темада окуу-методикалык семинар өттү. 

Ага институттун башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедрасынын, Индустриалдык-педагогикалык колледжинин математикалык дисциплиналар циклинин жамааты катышты. Алар Кыргызстандын билим берүү системасында 12 жылдык окутуу боюнча өзгөрүүлөр, атап айтканда, 1-2-класстын математика жана табият таануу окуу куралдары, мугалимдер үчүн колдонмолор менен таанышты. Кембридж математика жана табият таануу окуу программаларына ылайыкталып түзүлгөн окуу куралдары Сингапур методдору менен окутууга багытталган. 

Иш-чараны аталган предметтер боюнча семинар-тренингдерге катышып, билимин жогорулатып келген доценттер Дамира Тагаева, Райхан Турганбаева жана табият таануу предмети боюнча Нургүл Капарова өтүштү. Жыйынтыгында сунуш-пикирлерлер иштелип чыкты. 

Семинарды Педагогика, искусство жана журналистика институтунун директорунун милдетин аткаруучу Замирбек Божоновдун демилгелеп башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедрасынын башчысы Дамира Тагаева уюштурган.  

Бул семинар дагы улантылат. Себеби, педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту тарабынан этап-этабы менен мектеп мугалимдеринин курсу улантылып жатат.  




 

Photogallery