Бишкек түрк тилин окутуу борборунун Оштогу филиалы түрк тили курстарына кабыл алуу жарыялайт

Main News

Бишкек түрк тилин окутуу борборунун Оштогу филиалы түрк тили курстарына кабыл алуу жарыялайт

Курсту ийгиликтүү аяктаган улан-кыздар Түркиянын расмий сертификатына ээ болушат.

 

- Окуу мөөнөтү: 1 курс — 3 ай, жалпысынан 175 саат. 

- График: жумасына 5 күн, сабактар мектеп убактысынан кийин өткөрүлөт. 

- Окутуу деңгээлдери: студенттердин суроо-талабына жараша А1, А2, B1, B2, C1, C2 деңгээлдери боюнча ачылат. 

Ар бир топто кеминде 10 студент кабыл алынат. 

Окуу акысыз, бирок окуу үчүн 2 китепке – 2000 сом төлөнөт.

 Сабак өтүүчү даректер жана мугалимдер:

 

- Чыгыш таануу институту (ОшМУ)

Окутуучу — Эрол мырза 

  Телефон номуру: 0505 559 904

 

- Филология жана маданият аралык коммуникация институту (ОшМУ): 

 Окутуучу — Мухаммед мырза 

 Телефон номуру: 0226 017 419

 

- Теология факультети (ОшМУ): 

Окутуучу — Лютфуллах мырза 

Телефон номуру: 0700 809 906

 

 Кошумча маалыматтар:

- Instagram: [tteomer_bishkek](https://www.instagram.com/tteomer_bishkek)  

- Расмий веб-сайт: [biskektomer.com] (https://biskektomer.com/ )

Photogallery