ИИМдин кызматкерлери ОшМУда мамлекеттик тил боюнча окутуудан өтүштү  

Main News

ИИМдин кызматкерлери ОшМУда мамлекеттик тил боюнча окутуудан өтүштү  

Image

Ички иштер министрлигинин структуралык түзүмдөрүнүн башкармалыктарында, ботальондорунда, полкунда эмгектенген 55 кызматкер Ош мамлекеттик университетинде мамлекеттик тил багытында окутуудан өтүштү. Анда катышуучулар тилге болгон мамиле, иш кагаздарын типтүү нускамага карата түзүү маселелерин талкуулашып, арыз, протоколду туура жазуу боюнча билим алышты.  

“Негизги максатыбыз мамлекеттик тилде иш кагаздарын жүргүзүү, тилди колдонуу муктаждыктары, улуттук идеология, президенттин жарлыктарынын ишке ашырылышы боюнча маалымат, тажрыйба алмашуулар, семинардык окутууларды уюштуруу”, –деди мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Мастура Шарипова.

Окутуу 22-сентябрда мамлекеттик тилдин 36 жылдык мааракесине карата уюштурулду. Жыйынтыгында ОшМУ менен кызматташтык үчүн ыраазычылык каттар тапшырылды.

 

Photogallery