ОшМУнун профессору дүйнөдөгү эң мыкты окумуштуулардын катарына кирди

Main News

ОшМУнун профессору дүйнөдөгү эң мыкты окумуштуулардын катарына кирди

Image

Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) профессору жана Эл аралык медицина факультетинин илимий кызматкери Факир Карим Рахим дүйнөдөгү эң мыкты 2% окумуштуулардын катарына кирди. Мындай жыйынтык Стэнфорд университетинин жана Elsevier (Scopus) маалымат базасынын 2025-жылдагы версиясы боюнча чыкты. 

Elsevier маалыматтары аркылуу түзүлгөн бул престиждүү рейтинг 22 тармак жана 174 багыт боюнча дүйнөдөгү эң таасирдүү изилдөөчүлөрдү аныктайт. Анда жалпы цитаталар (NC), h-индекс (H), Hm-индекс (авторлордун санына ылайыкталган h-индекс) жана илимпоздун карьералык, жылдык таасирин аныктоо үчүн өз тармагындагы таасирин чагылдырган стандартташтырылган көрсөткүчтөр эске алынат. Бул тизмеге кирүү менен илимпоздор билимди өркүндөтүү жана илимий коомдоштуктарга таасир этүү үчүн дүйнөлүк деңгээлде таанылат.

Факир Карим Рахим макалалары эң көп (120миң) цитирлөө келтирилген дүйнөдөгү илимпоздордун катарында турат. Анын индекс хиршасы 69 жана Scopus базасында 381 макаласы жарык көргөн.

 

Photogallery