22-сентябрда ОшМУнун Экономика, бизнес жана менеджмент институтунда мамлекеттик тил күнүнө карата 1-курстар аралык “Кыргыз тилинин келечеги: сакталуу жана өнүгүү жолдору” аттуу дебат уюштурулду.
Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттик тилдин келечеги, анын өнүгүүсү, сактап калуу жолдору, кош тилдүүлүк, анын кыргыз тилинин өнүктүрүүгө тийгизген таасири, “аралаш тилде” сүйлөө маселелери кызуу талкууга алынды. Иш-чара тил тууралуу көркөм окуу сынагы менен жыйынтыкталды.
Дебатты Филология жана маданият аралык коммуникация институтунун факультеттер аралык кыргыз тили кафедрасынун улук окутуучулары Рахат Бекмуратова жана Бермет Закирова уюштурду.
Кыргыз тили мамлекеттик макамга ээ болгонуна быйыл 36 жыл болду.