ОшМУнун ондон ашык студенти Памуккале университетинде билим алып жатат

Main News

ОшМУнун ондон ашык студенти Памуккале университетинде билим алып жатат

Image

22-сентябрда Ош мамлекеттик университетинин студенттери Түркиядагы Памуккале университетинин жаңы дайындалган ректору Махмуд Гүнгөр менен жолугушту. Алар ректор Кудайберди Кожобековдун атынан куттуктоо катын жана эстелик белектерин тапшырышты. 

Жолугушууга Памуккале университетинин ректорунун эл аралык байланыштар боюнча кеңешчиси, доцент Онур Кулач да катышты. Студенттер жылуу кабыл алуулары жана колдоолору үчүн окуу жайдын жетекчилигине жана ректоруна ыраазычылык билдиришти.

Учурда аталган университетте ОшМУнун Теология, Медицина факультеттеринин жана Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин 13 студенти билим алууда. Алар академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында барышкан.  

Түркиядагы эң алдыңкы окуу жайлардын бири болгон Памуккале университети менен ОшМУ 2022-жылдын август айында билим берүү, илим, маданият, академиялык мобилдүүлүк багытында эки тараптуу кызматташуу келишимине кол койгон. 2024-2025-окуу жылында ОшМУнун 27 студенти күзгү жана жазгы семестрде аталган университетте билим алып келишкен. Бул окуу жай менен академиялык мобилдүүлүк программасын ОшМУнун рейтинг бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Айнура Кулназарова координациялап келет.

Памуккале университети инженерия, экономика, табигый жана коомдук илимдер, искусство, педагогика жана техникалык тармактар боюнча адистерди даярдайт.

 

Photogallery