Чет өлкөлүк студенттерге маалыматтык жыйын уюштурулду

Main News

Чет өлкөлүк студенттерге маалыматтык жыйын уюштурулду

Image

Ош мамлекеттик университетинин эл аралык медицина факультетинде Индиянын Кыргызстандагы элчилигинин консулдук иштер боюнча экинчи катчысы Сусмит Вишванатан Ананд жана консулдук иштер боюнча жардамчы кызматкери Стэллон Брэдинин катышуусунда маалыматтык иш-чара болду. Ага чет өлкөлүк студенттер катышты. 

Жолугушууда студенттерге консулдук кызматтар жеринде көрсөтүлүп, аларды кызыктырган суроолорго жооп айтылды. Ошондой эле 1-курстун студенттерине Кыргызстанда жүрүү тартиби, мыйзамдар жана керектүү эрежелер тууралуу маалымат берилди. 

Факультет жетекчилиги студенттердин маалымдуулугун артыруу максатында шарттарды түзүүдө. Элчиликтин өкүлдөрү мындай жолугушуулар мындан ары да улантыларын белгилешти.

Photogallery