2025-жылдын 4–5-декабрь күндөрү Өзбекстандын Наманган техникалык университетинде өткөн «Санариптик трансформация процесстеринде моделдөөнүн ролу жана перспективалары» аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференцияга Ош мамлекеттик университетинин окутуучусу Гүлсүн Токторбаева катышты.
Аталган эл аралык иш-чара санариптик технологияларды өнүктүрүү, моделдөө ыкмаларын билим берүү жана өндүрүш тармактарында колдонуу маселелерине арналды. Конференцияга АКШ, Кытай, Индия, Орусия, Казакстан жана Кыргызстандан изилдөөчүлөр офлайн жана онлайн форматта катышышты.
Конференциянын секциялык бөлүгүндө Гүлсүн Токторбаева илимий баяндама окуду. Анда санариптик трансформация шартында моделдөөнүн актуалдуулугу тууралуу ой-пикирлерин ортого салды.
Мындан тышкары, иш-чаранын жүрүшүндө уюштурулган семинарлар жана мастер-класстар кесиптик тажрыйбаны тереңдетүүгө, илимий көз караштарды кеңейтүүгө жана эл аралык тажрыйба алмашууга кеңири мүмкүнчүлүк түздү.
Бул эл аралык конференция илимий изилдөөлөрдү жаңы деңгээлге чыгарууга, ошондой эле коңшу жана алыскы мамлекеттердеги кесиптештер менен кызматташтыкты бекемдөөгө өбөлгө түзгөн маанилүү аянтча болду.