British Ambassador visited Osh State University

Main News

British Ambassador visited Osh State University

Image

Ош мамлекеттик университетинин окуу иштери боюнча проректору  Замирбек Божонов Улуу Британиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Чарльз Эдмунд Гарретт менен жолугушту.

Жолугушууда Улуу Британиянын жогорку окуу жайлары менен кызматташуу алакаларын түзүү, билим берүү программаларын ишке ашыруу, окутуучулардын, студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн арттыруу багыттары боюнча сөз болду.

Элчи Чарльз Эдмунд Гарретт жогорку окуу жайлары менен кызматташуу багытында мамилелерди чыңдоого жана кызматаштыктын жаңы багыттарын өнүктүрүү үчүн бардык күчүн жумшарын  билдирди. 2021-жылдын октябрь айына пландалган Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында ОшМУда студенттер менен жолугуп, пикир алышууга кызыктар экендигин айтты.

Ошондой эле Улуу Британиянын өкмөттүк глобалдык программасы  Чивнинг  стипендиясы тууралуу маалымат берди. Стипендия магистр даражасын алуу үчүн 1 жылга берилет. Бул стипендияга 2018-жылы ОшМУнун Бизнес жана менеджмент факультетинин студенти Айжана Токтошошева ээ болуп, аталган өлкөнүн эң алдынкы Эксетер университетинде билимин жогорулатып келген. https://limon.kg/ru/news:72296

Фото галерея