Ош мамлекеттик университетинин Педагогика, искусство жана журналистика институтунда студенттердин колунан жасалган эмгектердин көргөзмөсү өттү. Ага башталгыч билим берүү, мектепке чейинки билим берүү жана логопедия адистиктеринде окуган студенттер катышты.
Иш-чарага Республикалык педагогдордун квалификациясын жогорулатуу институтунун тренери Нурлан Кармышаков, шаардагы бала бакчалардын өкүлдөрү, институттун директору Замирбек Божонов, окутуучулар жана студенттер келишти.
Көргөзмөнүн жүрүшүндө башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедрасынын улук окутуучусу Каныбек Джанибаев студенттер даярдаган эмгектерди тааныштырып, аларды жасоонун жолдору, колдонулган ыкмалар жана билим берүү процессинде пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берди.
Көргөзмө «Эстетикалык тарбиялоонун теориясы жана технологиясы» дисциплинасынын алкагында уюштурулуп, студенттердин чыгармачылык жөндөмүн өнүктүрүүгө жана кесиптик көндүмдөрүн чыңдоого багытталды.