Волейбол машыктыруучулары үчүн окуу-семинар өттү

Main News

Волейбол машыктыруучулары үчүн окуу-семинар өттү

Image

Ош мамлекеттик университетинде Ош шаары жана облусунда башталгыч деңгээлдеги волейболчулар менен иш алып барган машыктыруучулар үчүн окуу-семинар уюштурулду

Окутуу 26-декабрдан 28-декабрга чейин созулуп, 70ке жакын машыктыруучу катышты. Окутууну Кыргызстандын волейбол федерациясынын өкүлү Нурбек Калыков жүргүздү. Иш-чаранын алкагында катышуучулар волейболду баштапкы этапта окутуунун методикасы, жаш курактык өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен машыгуу процессин уюштуруу, техникалык жана тактикалык даярдыкты өнүктүрүү боюнча теориялык жана практикалык билим алышты.

Мындан тышкары заманбап машыктыруу ыкмалары, коопсуздук эрежелери жана спортчулардын физикалык даярдыгын жогорулатуу маселелери талкууланды. Семинар машыктыруучуларга тажрыйба алмашууга, кызыктырган суроолоруна жооп алууга да мүмкүнчүлүк түздү.

Уюштуруучулардын айтымында, бул окуу-семинар аймакта волейбол спортун өнүктүрүүгө жана жаш спортчулар менен иштөөнүн сапатын жогорулатууга багытталды.

Photogallery