ОшМУ «Мыкты социалдык мекеме» наамына ээ болду

Main News

ОшМУ «Мыкты социалдык мекеме» наамына ээ болду

Image

30-декабрда Ош шаарында социалдык жана экономикалык тармактардын 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылды. Анда Ош мамлекеттик университети «Мыкты социалдык мекеме» наамына ээ болуп, 15 миң сом менен сыйланды.

Бул сыйлык Ош шаарын жашылдандыруу, көрктөндүрүү, санитардык тазалоо иштерине жана турак жайлардын сырткы көрүнүшүн жакшыртууга багытталган жазгы үч айлыкка ОшМУнун активдүү жана жоопкерчиликтүү катышканы үчүн ыйгарылды.

Университет калааны өнүктүрүүгө багытталган социалдык демилгелерге туруктуу түрдө катышып, коомдук иштерде үлгү көрсөтүп келет.