Бакберген Расулжан уулу көркөм окуу сынагында биринчи орунду ээледи

Main News

Бакберген Расулжан уулу көркөм окуу сынагында биринчи орунду ээледи

Image

Ош мамлекеттик университетинин Филология жана маданият аралык коммуникация институтунун 3-курсунун студенти Бакберген Расулжан уулу «Мекенди сүйүү өзүбүздөн башталат» аттуу көркөм окуу сынагында 1-орунду ээледи. 

Сынакты Ош мэриясы уюштурган. Жеңүүчүгө 30 миң сом ыйгарылып, сыйлыкты 30-декабрда мэр Жеңишбек Токторбаев тапшырды.

Сынак Президенттин «Инсандын руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» жарлыгынын алкагында өткөрүлүп, жаштардын мекенчилдик сезимин күчөтүүгө, руханий баалуулуктарды даңазалоого багытталды.

Photogallery