Урматтуу Ош мамлекеттик университетинин окуучулары, студенттери, магистранттары, аспиранттары жана окутуучулары!
Дүйнөдөгү эң ири авиация, космос жана технология фестивалы – TEKNOFEST алкагында өтүүчү 2026-жылдагы технологиялык жарыштарга каттоо башталды. Бул ирет фестиваль Түркиянын тарыхый мурасы бай Шанлыурфа шаарында 30-сентябрдан 4-октябрга чейин GAP аэропортунда өтөт.
Быйылкы жарыштар 75 миллион түрк лирасы көлөмүндөгү сыйлык фондун жана 100 миллион лирадан ашуун материалдык колдоону сунуштайт. Каттоо 20-февралга чейин уланат.
52 категория, 127 кошумча багыт
TEKNOFEST–2026 алкагында 52 негизги жана 127 кошумча категория боюнча жарыштар уюштурулат. Алардын катарында:
Мындан тышкары быйыл алгачкы жолу төмөнкү жаңы багыттар ачылды:
2018-жылдан бери TEKNOFEST инновациянын, өндүрүштүн жана келечекке багытталган идеялардын ири аянтчасына айланып, 4 миллиондон ашык арыз кабыл алган. Фестиваль башталгыч класстан тартып магистратурага чейинки бардык деңгээлдеги жаштарга катышууга мүмкүнчүлүк берет. Келечектин архитектору болууну каалаган, идеяларын долбоорго айлантууну көздөгөн жаштар www.teknofest.org сайты аркылуу каттала алышат.
TEKNOFEST – T3 Foundation жана Түркиянын Өнөр жай жана технология министрлиги тарабынан, өлкөнүн алдыңкы технологиялык компаниялары, мамлекеттик мекемелери, ЖМКлары жана университеттеринин колдоосу менен өткөрүлөт.
Кошумча маалымат: ОшМУнун Бизнес паркы Дареги: 7235000, Ош шаары, А. Масалиев кең көчөсү 93/9, 106-кабинет Байланыш телефондору:
📞 +996 772 750 705 (Эрлан Камалов)
📞 +996 503 440 705 (Санжар Исмадияров)