"Кош жылдыз» сынагында   Өзгөн Эл аралык медициналык колледжи жеңүүчү болду

Main News

"Кош жылдыз» сынагында   Өзгөн Эл аралык медициналык колледжи жеңүүчү болду

Image

Ош мамлекеттик университетинде 26-февралда «Кош жылдыз» чыгармачылык сынагы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул жолку таймашка институт, факультет, колледждерден жалпысынан 30 студенттен турган 15 жуп катышып, үч бөлүктөн турган программа боюнча күч сынашты
Сынактын жүрүшүндө катышуучулар алгач өздөрүн тааныштырып, андан соң вокалдык жана сахналык өнөрлөрүн көрсөтүштү. Акыркы бөлүктө мырзалар куралды ылдам жыйноо боюнча чеберчилигин сынашса, кыздар сайма сайуу жана кол өнөрчүлүк боюнча өнөрүн тартуулашты.
Жыйынтыгында 1-орунду Өзгөн Эл аралык медициналык колледжинин студенттери багындырып, 10 миң сом акчалай сыйлык жана баалуу белектер менен сыйланышты. Ошондой эле жеңүүчүлөрдү даярдаган окутуучуга Ош мэриясынын Маданият башкармалыгы тарабынан Ташкент шаарына жолдомо ыйгарылды.
2-орунду Педагогика, искусство жана журналистика институту менен Финансы-юридикалык колледжинен келген жуптар ээледи. Ал эми 3-орунга Теология факультети жана Индустриалдык-педагогикалык колледжинин студенттери ээ болушту. Жеңүүчүлөргө жана байгелүү орундардын ээлерине акчалай сыйлыктар жана белектер тапшырылды.
Катышуучулардын айтымында, сынакка даярдык он күнгө созулган.
Эрболот Ормошев, Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин студенти: «Биздин катышуубузга даярдык он күндөй болду. Жалпы 15 жуп ат салыштык. Жеңип чыгабыз деген ишеним бар эле. Азыр сезимдерибизди сөз менен айтып жеткирүү кыйын».
Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, «Кош жылдыз» сынагы студенттердин талантын ачып, чыгармачылыкка болгон кызыгуусун арттыруу максатында окуу жайдын студенттик кеңеши тарабынан өткөрүлдү.

Photogallery