Түркиянын Балыкесир университетине барган делегацияда 17 профессордук-окутуучулук курамдын өкүлү бар. Аларды окуу жайдын тышкы байланыштар боюнча проректору Курсантбек Аттокуров жетектеп барды. Иш сапар 9–15-мартка чейин созулат.
Сапардын алкагында алар Балыкесир университетинин ректору Юджель Огурлу, ошондой эле проректорлор Жевдет Авжыкурт жана Мурат Догдубай менен жолугушуу өткөрдү. Анда эки окуу жайдын ортосундагы академиялык кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Жолугушууда студенттер, окутуучулар үчүн академиялык мобилдүүлүк программаларын өнүктүрүү, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана билим берүү долбоорлорун ишке ашыруу маселелери каралды. Юджель Огурлу Ош мамлекеттик университетинин делегациясын кабыл алуу университет үчүн маанилүү экенин белгиледи. Ал түрк дүйнөсүндөгү жогорку окуу жайлардын ортосундагы академиялык байланыштарды чыңдоонун маанисине токтолду. Ал эми Курсантбек Аттокуров жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, эки университеттин ортосундагы кызматташтык илимий жана билим берүү байланыштарын мындан ары да өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Иш сапардын жүрүшүндө ОшМУнун өкүлдөрү Балыкесир университетинин бир катар факультеттерин, анын ичинде педагогикалык, табигый жана гуманитардык илимдер, экономика, административдик илимдер, көркөм өнөр, юридикалык факультеттерин кыдырып чыгышат. Ошондой эле окутуучулар студенттер жана окутуучулар үчүн конок лекцияларды, мастер-класстарды өткөрүшөт.