Университетке караштуу Филология жана маданият аралык коммуникация институтундагы «Полиглот» тил үйрөтүү жана билим берүү борборунда 24 мамлекеттик кызматкер мамлекеттик тилди билүү деңгээлин жогорулатуу боюнча окуудан өтүштү.
Курска билим берүү, саламаттыкты сактоо тармагында иштеген адистер, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер катышты. Окутуу программасы мамлекеттик тилди иш кагаздарында, расмий байланышта, коомдук чөйрөдө туура колдонуу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталды.
Сабактардын жүрүшүндө катышуучулар мамлекеттик тилде сүйлөө, жазуу, угуу, окуу көндүмдөрүн өркүндөтүүгө багытталган теориялык жана практикалык тапшырмаларды аткарышты. Практикалык иштер аркылуу угуучулар кызматтык ишинде мамлекеттик тилди натыйжалуу колдонуу ыкмаларын үйрөнүштү.
13-мартта курсту ийгиликтүү аяктаган катышуучуларга сертификаттар тапшырылды. Уюштуруучулардын айтымында, мындай курстар мамлекеттик тилдин коомдун бардык тармактарында колдонулушун кеңейтүүгө, кызматкерлердин тил маданиятын жогорулатууга жана расмий иш кагаздарын мамлекеттик тилде туура жүргүзүүгө көмөктөшөт.