Бүгүн, 17-мартта Ош мамлекеттик университетинин Кара-Суу районунун Баш-Булак айыл аймагында жайгашкан Инновациялык питомнигинде бак отургузуу иш-чарасы болду.
Ага Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, проректорлор Дилмурат Турсунов, Элзарбек Эшаров, окуу жайдагы түзүмдөрдүн башчылары, студенттер жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
Облус башчысына алгач питомниктин түзүлүшү жана анын максаттары тууралуу Тоо экосистемаларын сактоо жана жашыл инновациялар Консалтинг борборунун директору, долбоордун аткаруучусу Абдижапар Аккулов маалымат берди. Аманкан Кенжебаев ОшМУнун тоо экосистемасын сактоо жана жашыл аймактарды көбөйтүү багытындагы иштерге жогору баа берип, мындай демилгелерди ар дайым колдоого даяр экенин билдирди.
Иш-чарасынын жүрүшүндө 800 түп мөмөлүү көчөт отургузулду. Алардын ичинде 400 түп гилас, 200 түп жүзүм жана 200 түп аралаш бак-дарактар (алма, өрүк, шабдалы, кайың, анар жана башкалар) бар.
Көчөт тигүү акциясы Ош мамлекеттик университети тарабынан ички гранттык долбоорлорду колдоо программасынын алкагында уюштурулду.
ОшМУнун Тоо экосистемаларын сактоо жана жашыл инновациялар Консалтинг борбору тарабынан 2025-жылы инновациялык питомник чарбасы түзүлгөн.