ОшМУнун волейбол командасы универсиадада экинчи орунду алды

Main News

ОшМУнун волейбол командасы универсиадада экинчи орунду алды

Image

Бишкекте өтүп жаткан Кыргызстандын универсиадасынын алкагында волейбол боюнча жогорку лигада эркектер арасындагы мелдеш жыйынтыкталды. Анда Ош мамлекеттик университетинин командасы экинчи орунду ээледи. 

Команданы машыктыруучу Алмаз Атабаев жетектеди.

Биринчи орунду Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын студенттери, үчүнчү орунду Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин студенттери камсыз кылышты.

Универсиада 11-марттан 27-апрелге чейин биринчи лига жана жогорку лига болуп эки этапта өткөрүлөт. Анда спорттун 15 түрү боюнча мелдештер уюштурулат.

Photogallery