Студенттер Сары-Мазар тарыхый көрүстөнү менен таанышты

Main News

Студенттер Сары-Мазар тарыхый көрүстөнү менен таанышты

Image

19-мартта Индустриалдык-педагогикалык коллежинин студенттери Алымбек датка менен Курманжан датканын сөөгү коюлган Кара-Суудагы Сары-Мазар тарыхый көрүстөнүнө барып зыярат кылышты.

Алар тарыхый инсандардын өмүр жолу, саясий ишмердүүлүгү жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнө кошкон салымы тууралуу маалымат алышты. Күмбөздөрдө куран окулуп, тарыхый тарыхый инсандардын арбагына урмат көрсөтүлдү.

Иш-чара студенттердин тарыхка кызыгуусун арттыруу жана ата-бабалардын мурасын урматтоого багытталган. Аны Коомдук илимдер жана аскерге чейинки даярдоо билим берүү циклынын башчысы Гүлүмкан Түмөнбаева уюштурду.

Сары-Мазар – Ош шаарынын четинде жайгашкан жана кыргыз тарыхында өзгөчө орунга ээ. Бул жерде кыргыз элинин көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлери Алымбек датка (1799–1862) жана «Алай ханышасы» Курманжан датка (1811–1907) жерге берилген. Алардын күмбөздөрү улуттук тарыхый эстелик катары бааланып, келечек муундарга мурас катары сакталууд

Photogallery