ОшМУда «Улут уңгусунан жанган кош жылдыздар» маданий кечеси өттү

Main News

ОшМУда «Улут уңгусунан жанган кош жылдыздар» маданий кечеси өттү

Image

25-мартта STEM инновациялык колледжине «Улут уңгусунан жанган кош жылдыздар» аттуу маданий иш-чара өткөрүлдү. 

Иш-чарага окуу жайдын Мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Мастура Шарипова, Коомчулук менен иштөө жана жаштар саясаты боюнча проректор Нуржамал Мапаева, Окутуунун сапаты жана методикалык камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси Махабат Былыкова, коллеждин директору Бегимай Абдылакимова катышты.

Жетекчилер өз сөздөрүндө мындай иш-чаралар окутуучулар арасындагы ынтымакты бекемдеп, жаштардын руханий дүйнөсүн байытып, улуттук баалуулуктарды өнүктүрүүгө салым кошорун белгилешти.

Концерттик программада кыргыз элинин тарыхын, маданиятын жана руханий дүйнөсүн чагылдырган чыгармалар сунушталды. Коллеждин окутуучуларынан түзүлгөн чыгармачыл топтор сахнада өнөр көрсөтүп, көрүүчүлөр тарабынан жакшы кабыл алынды.

Жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен бөлүмдөр арасында жеңүүчүлөр аныкталып, диплом, баалуу сыйлыктар тапшырылды. Кече президенттин жарлыгына ылайык уюштурулду.

 

Photogallery