ОшМУнун студенти Конрад Аденауэр фондунун стипендиаты болду

Main News

ОшМУнун студенти Конрад Аденауэр фондунун стипендиаты болду

Image

Филология жана маданияттар аралык коммуникация институтунун 4-курсунун студенти Гүлсана Асылбек кызы Конрад Аденауэр фонду тарабынан берилген Sur-Place программасынын стипендиаты болду.

Аталган программа коомдук активдүү жаштарды колдоого багытталган. Анын алкагында стипендиаттар ай сайын 150 евро өлчөмүндө каржылык колдоо алып, түрдүү билим берүү семинарларына жана илимий-практикалык конференцияларга катыша алышат.

26-мартта Гүлсанага ОшМУнун тышкы байланыштар боюнча проректору Курсантбек Аттокуров университеттин атынан стипендиат экендигин тастыктаган сертификатты тапшырып, жетишкендиги менен куттуктады.

Быйыл 3–5-март күндөрү Манас шаарында Конрад Аденауэр фондунун колдоосу менен жаш ишкерлер жана стартаперлер үчүн семинар өткөрүлүп, ага өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген стипендиаттар катышкан.

Конрад Аденауэр фонду (Konrad-Adenauer-Stiftung) – Германияга таандык эл аралык саясий фонд.



 

Photogallery