ОшМУ Франциянын ЖОЖдору менен кызматташууну кеңейтет

Main News

ОшМУ Франциянын ЖОЖдору менен кызматташууну кеңейтет

Image

Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Фай 27-мартта Ош мамлекеттик университетине иш сапары менен келип, билим берүү тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулады.

Элчи ректор Кудайберди Кожобеков менен жолугуп, студенттер, окутуучулар үчүн академиялык мобилдүүлүктү кеңейтүү, француз тилин жайылтуу жана Франциядан профессорлорду тартуу боюнча сунуштарын билдирди. Ошондой эле тараптар тарых, айыл чарбаа, археология багыттарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн карашты.

Иш сапардын алкагында университеттин Филология жана маданият аралык коммуникация институтунда Александр Дюма атындагы француз тили жана маданияты борбору ачылды. Бул борбордо француз тили боюнча курстар уюштурулуп, студенттер үчүн кошумча билим алуу шарттары түзүлөт.

Ош мамлекеттик университети 2023-жылдан бери Франциянын Пуатье университети менен кызматташып келет.