ОшМУ студенттери “Жоогазын-2026” фестивалында байгелүү орундарга ээ болду

Main News

ОшМУ студенттери “Жоогазын-2026” фестивалында байгелүү орундарга ээ болду

Image

“Жоогазын-2026” аттуу жарнама жана коомчулук менен байланыш (PR) боюнча эл аралык фестиваль 26–28-март күндөрү Бишкектеги Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде өттү.

Фестивалга Кыргызстан, Казакстан, Орусия жана Өзбекстандын 16 жогорку окуу жайынан студенттик командалар катышты. Катышуучулар жашыл экономика, жасалма интеллект, экология жана коомдук маселелер сыяктуу актуалдуу темалар боюнча өз долбоорлорун сунушташты.

Иш-чаранын алкагында мастер-класстар, тренингдер, кейстерди чечүү жана панелдик талкуулар уюштурулду.

Фестивалдын алкагында өткөн “Туруктуу келечек коммуникациялары: жашыл экономика жана социалдык жоопкерчилик” аталышындагы илимий-практикалык конференцияда ОшМУнун студенттери ийгилик жаратты. Тактап айтканда, Айтунук Мамытбек кызы биринчи орунду, ал эми Раатбек Төрөгелдиев үчүнчү орунду ээледи.

“Жоогазын” фестивалы 2017-жылдан бери өткөрүлүп келет. Анын негизги максаты жарнама жана PR тармагында билим алып жаткан студенттерди иш берүүчүлөр менен байланыштырууга жана теориялык билимди практикада колдонууга шарт түзүү болуп саналат.

Photogallery