Кытайдын билим берүү жана логистика өкүлдөрү ОшМУ менен кызматташууга кызыкдар

Main News

Кытайдын билим берүү жана логистика өкүлдөрү ОшМУ менен кызматташууга кызыкдар

Image

14-майда Ош мамлекеттик университетине (ОшМУ) Кытайдын билим берүү жана логистика тармагындагы өкүлдөрү расмий сапар менен келишти. 

Делегациянын курамында Тяньцзинь транспорт кесиптик институтунун ректору Юй Хайсян, Логистикалык инженерия институтунун директору Ван Сяокуо, эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн директору Тан Чжаоси жана башкалар бар.

Ректор Кудайберди Кожобеков менен жолугушууда транспорт, логистика, санариптик технологиялар жана кесиптик билим берүү багытындагы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Тараптар биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашырууну, заманбап технологияларды окуу процессине киргизүүнү сүйлөштү. 

Жолугушууда Кытайдагы “Лу Бань устаканасы” долбоору да тааныштырылды. Бул техникалык жана кесиптик билим берүү тармагындагы эл аралык платформа болуп, инженердик технологиялар, IT, логистика, робототехника, өндүрүштүк автоматташтыруу багыттарын өнүктүрүүгө багытталган. Кытай тарап аталган долбоор боюнча ОшМУ менен кызматташууга кызыкдар экенин билдирди. Демилге колдоо тапса адистерди даярдоодо колдонулуучу заманбап лабораторияларды түзүү, окутуучуларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу иштерине Кытай тарап көмөк көрсөтөт. 

Кудайберди Кожобеков мындай эл аралык кызматташтык университеттин билим берүү сапатын жогорулатууга, заманбап адистерди даярдоого жана Кыргызстан менен Кытайдын илимий-билим берүү байланыштарын бекемдөөгө өбөлгө болорун белгиледи. 

Эске салсак: ОшМУда 2013-жылдан бери Конфуций институту иш алып барат. Институт кытай таануу, лингвистика жана филология, электрондук маалымат инженерия багыттары боюнча адистерди даярдап келет. ОшМУнун  Кытай менен болгон билим берүү, маданий жана илимий байланыштары негизинен Конфуций институту аркылуу ишке ашырылып келет.  Институт эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, академиялык мобилдүүлүктү кеңейтүүгө, кытай тилин жана маданиятын жайылтууга, ошондой эле биргелешкен билим берүү долбоорлорун ишке ашырууга салым кошууда. 


 

Photogallery