ОшМУ менен Тамбов университети кош дипломдуу магистратуранын окуу планын талкуулашты

Main News

ОшМУ менен Тамбов университети кош дипломдуу магистратуранын окуу планын талкуулашты

Image

Филология жана маданият аралык коммуникация институтунун орус филологиясы бөлүмүнүн орус тили жана адабиятын окутуу методикасы кафедрасынын доценти Диларам Мадаминова Орусиянын Тамбов мамлекеттик университетинин профессору Наталья Сорокина, доцент Ирина Мизина менен биргеликте 2026–2027-окуу жылына карата кош дипломдуу магистратура программасынын окуу планын талкуулашты. 

Жолугушуу 18–19-май күндөрү болуп, анда тараптар филологиялык билим берүү багыты боюнча (орус тили жана адабияты профили) магистратуранын “1+1” форматындагы кош дипломдуу программасынын мазмунун, окуу дисциплиналарынын шайкештигин, академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү маселелерин карашты. 

Мындан тышкары эки университеттин ортосундагы илимий-билим берүү кызматташтыгын кеңейтүү боюнча пикир алмашуу болду.

Аталган программа магистранттарга эки окуу жайда билим алып, эл аралык тажрыйба топтоого, илимий изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана кош диплом алуу мүмкүнчүлүгүн түзөт.

 

Photogallery