19–20-майда окуу жайда өтүп жаткан эл аралык илимий-практикалык конференияда Оруссия, Венгрия, Монголия, Түркия, Тажикистан жана Өзбекстандын окумуштуулары санариптик геоэкономиканы талкуулашууда.
Жыйында санариптик геоэкономиканын өнүгүүсү, эконокмиканын ар түрдүү тармактарындагы санариптештирүү, киберкоопсуздук, блокчейн, санариптик сом, экономист-IT кадрларды даярдоо маселелери талкууланып жатат. Ар бир багыт боюнча атайын секциялар иштеп, илимий баяндамалар окулду. Конференциянын материалдары Scopus базасында индекстелген Springer басмасынын китептер сериясында жарыяланат.
Катышуучулардын айтымында, бүгүнкү дүйнөлүк экономикада санариптик технологиялар негизги орунду ээлеп, маалымат стратегиялык ресурс катары каралууда. Криптовалюта, жасалма интеллект, чоң маалыматтар (Big Data), блокчейн жана санариптик платформалар глобалдык рыноктун жаңы архитектурасын түзүп, финансы, эсеп, башкаруу системаларын өзгөртүүдө.
Иш-чара университеттин Экономика, бизнес жана менеджмент институтунун 30 жылдыгына, профессор Жусупжан Тургунбаевдин 70 жылдык мааракесине арналды. Конференцияда институттун мыкты окутуучуларына билим берүү жана коомдук иштерге кошкон салымы үчүн “ОшМУ даңкы” төш белгиси тапшырылды.
Иш-чара санариптик экономика шартында финансы, бухгалтердик эсеп, менеджмент, инновациялар тармагындагы заманбап өзгөрүүлөрдү илимий негизде карап, туруктуу өнүгүүгө багытталган жаңы практикалык чечимдерди иштеп чыгуу максатында уюштурулду.