ОшМУнун кызматкерлери «Ден Соолук-2026» спартакиадасында биринчи орунду ээледи

Main News

ОшМУнун кызматкерлери «Ден Соолук-2026» спартакиадасында биринчи орунду ээледи

Image

Окуу жайдын кызматкерлери “Ден соолук-2026” спартакиадасында жалпы командалык эсепте 84 упай топтоп, биринчи орунду багындырды. 

Спорттук мелдешке Ош жана Жалал-Абад облустарындагы алты жогорку окуу жайдан командалар катышты. Алар спорттун жети түрү боюнча күч сынашты. Жыйынтыгында ОшМУнун командасы ордо, стол тенниси, шахмат, тогуз коргоол, волейбол, кичи футбол жана стритболдон биринчи, экинчи орундарды алышты.  

Спартакиаданы Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети уюштуруп, Ош технологиялык университетинде өттү. Иш-чара достук, ынтымак жана сергек жашоо образын даңазалалады. Катышуучулар да жогорку даярдыгын көрсөтүштү. 

 

Photogallery