Ош мамлекеттик университетинин эл аралык медицина факультетинде окутуучулар үчүн пилоттук тесттик оюндар башталды.
Алгачкы таймашка Коомдук саламаттыкты сактоо жана далилдүү медицина курсу менен Клиникалык дисциплиналар кафедраларынын өкүлдөрүнөн түзүлгөн OZ hunters жана CD 1 командалары катышты.
Интеллектуалдык оюн үч этаптан туруп, катышуучуларга 40 суроо берилди. Жыйынтыгында 5000 упай топтогон OZ hunters биринчи орунду алды. Ошондой эле ар бир команданын мыкты оюнчулары аныкталды. Жеңүүчүлөргө жана активдүү катышуучуларга дипломдор, стетоскоп, медициналык халат, глобус сыяктуу белектер тапшырылды.
Иш-чараны профессор Семетей Амиралиев алып барды.
Билим таймашы РОСОМЕД уюмунун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Медицина тармагындагы адистердин кесиптик билим деңгээлин баалоого арналган интеллектуалдык викторина» долбоорунун алкагында өтүүдө. Максаты – студенттер менен окутуучулардын кесиптик билим деңгээлин интерактивдүү форматта баалоо, логикалык ой жүгүртүүсүн жана командада иштөө жөндөмүн өнүктүрүү болду.