ОшМУнун өкүлдөрү иш менен камсыз кылуу жана көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча форумга катышты

Main News

ОшМУнун өкүлдөрү иш менен камсыз кылуу жана көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча форумга катышты

Image

«Иш менен камсыз кылуу, кесиптик көндүмдөр жана эмгектин келечеги» аттуу экинчи улуттук форумга ОшМУнун Бизнес паркынын директору Эрлан Камалов, Карьера жана практика борборунун жетекчиси Маркилен Бабаев, борбордун улук инспектору Азирет-Али Маткалыков катышты.

Иш-чара 19–22-май күндөрү Бишкек шаарында уюштурулду. Анда эмгек рыногунун заманбап чакырыктары, кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүү, формалдуу эмес билим берүү, санариптешүү жана жаңы жумуш формалары боюнча талкуулар жүрдү. Ошондой эле жаштарды, аялдарды эмгек рыногуна интеграциялоо, иш берүүчүлөр менен кызматташууну күчөтүү, адистерди рынок талабына ылайык даярдоо маселелери көтөрүлдү. 

ОшМУнун өкүлдөрү “Ваучердик каржылоо жана көндүмдөрдү валидациялоо”, “Карьералык багыт берүү жана коштоо системаларын түзүү” темаларындагы мастер-класстарга катышып, Литва, Албания мамлекеттеринин ишке орноштуруу кызматтарынын, карьералык багыт берүү, көндүмдөрдү өнүктүрүү системаларынын тажрыйбалары менен таанышышты. Эрлан Камалов “Кесиптик окутуунун ваучердик системасы: пилоттук баштоо, жол картасы, көзөмөл механизмдери” темасында баяндама жасады.

Катышуучулардын айтымында, мындай форумдар университет менен эмгек рыногунун байланышын бекемдөөгө, карьералык колдоо системаларын өнүктүрүп, заман талабына жооп берген адистерди даярдоого өбөлгө түзөт.

Форум Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан Швейцария өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Чебер: көндүмдөрдү өнүктүрүү» долбоорунун алкагында уюштурулду. 

 

Photogallery