ОшМУда социалдык билим берүү талкууланды

Main News

ОшМУда социалдык билим берүү талкууланды

Image

21-майда Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинде “Социалдык билим берүү — санариптештирүү доорунда эл аралык интеграциянын куралы катары” деп аталган тегерек стол өттү.

Анда социалдык билим берүүнүн актуалдуу маселелери, санариптештирүү шартындагы жаңы мүмкүнчүлүктөр, эл аралык интеграция менен кызматташуунун натыйжалуу жолдору талкууланды. Катышуучулар инклюзивдик билим берүү, жаштардын эл аралык интеграциясы, мамлекеттер аралык билим берүү саясаты боюнча пикир алмашты.

Иш-чаранын ачылышында университеттин мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Мастура Шарипова менен Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин директору Дамира Акматова сөз сүйлөдү. Алар билим берүү тармагындагы эл аралык кызматташтыктын маанисине токтолушту.

Тегерек столдун жүрүшүндө “Эрасмус+ KA107 программасынын алкагында CLIL тажрыйбасы”, “Санариптештирүү доорундагы социалдык билим берүүнүн өзгөчөлүктөрү” темаларында баяндамалар жасалды.

Иш-чараны Европа жана Америка интеграция бөлүмү 1-июнь – Балдарды коргоо күнүнө карата уюштурду. Ага окутуучулар, илимий кызматкерлер, магистранттар, аспиранттар, студенттер, дарыгерлер, психологдор, социалдык кызматкерлер катышты.

Тегерек стол дискуссия менен жыйынтыкталып, катышуучулар сунуш-пикирлерин билдиришти. Соңунда атайын резолюция кабыл алынды.

 

Photogallery