ОшМУ менен Сейфуллин университети кызматташуу келишимине кол койду

Main News

ОшМУ менен Сейфуллин университети кызматташуу келишимине кол койду

Image

Ош мамлекеттик университети менен С. Сейфуллин атындагы Казак агротехникалык изилдөө университетинин (Seifullin University) ортосунда кызматташуу келишими түзүлдү. 

Документке ректор Кудайберди Кожобеков 21–22-майда Астанада өткөн Erasmus+ программасынын регионалдык маалымат күнү жана “Жогорку билим берүү чөйрөсүндөгү жасалма интеллект” эл аралык конференциясынын алкагында кол койду.

Макулдашуу эки университеттин ортосунда академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүп, биргелешкен билим берүү, илимий долбоорлорду ишке ашырууга, окутуучулар, студенттердин тажрыйба алмашуусуна, инновациялык демилгелерди колдоого багытталган.

Конференцияны Казакстандагы Улуттук Erasmus+ кеңсеси, Илим жана жогорку билим берүү министрлиги, Европалык билим берүү, маданият жана аудиовизуалдык каражаттар боюнча аткаруучу агенттик уюштурду. Жыйынга Европа Биримдиги жана Борбор Азия өлкөлөрүн эксперттери, министрлик өкүлдөрү, ректорлор, проректорлор, Erasmus+ өкүлдөрү катышты.

Анда аталган программанын каржылоо мүмкүнчүлүктөрү, эл аралык долбоорлорду башкаруу тажрыйбасы, академиялык мобилдүүлүк, университеттер аралык өнөктөштүк, жасалма интеллекттин билим берүүгө тийгизген таасири талкууланды. Кудайберди Кожобеков эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү, билим берүүнү санариптештирүү жана жасалма интеллектти окутуу процессине киргизүү боюнча тажрыйба бөлүштү.

Конференциянын алкагында Erasmus+ долбоорлорунун жана жасалма интеллект демилгелеринин көргөзмөсү да уюштурулду.

Сейфуллин университети Казакстандын алдыңкы үч жогорку окуу жайынын бири болуп саналат. Университет айыл чарба, инженерия, технология, илим тармактарында адистерди даярдоодо маанилүү орунду ээлейт.

Photogallery