ОшМУда корей тили жана маданияты борбору ачылат

Main News

ОшМУда корей тили жана маданияты борбору ачылат

Image

23-майда Ош мамлекеттик университетине (ОшМУ) Сеоджеоңг университетинин эл аралык иштер боюнча директору Шин Дак Сэнг жана корей тили илимий-изилдөө институтунун директору Кай Им Хам келди. 

Делегацияны тышкы байланыштар боюнча проректор Курсантбек Аттокуров кабыл алып, эки окуу жайдын ортосунда кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлду. Меморандумга ылайык, жакынкы убактарда ОшМУдааталган окуу жайдын корей тили жана маданияты борбору ачылат. Жолугушууда борборду келечекте университеттин филиалына же кыргыз-корей факультетине айландыруу мүмкүнчүлүктөрү да талкууланды. 

Андан соң конокторго Чыгыш таануу институтунун директору Жолдошбек Бөтөнөев жаңы ачыла турган борбордун жайгашкан жери, инфраструктурасы менен тааныштырды. 

Учурда аталган институтта 200гө жакын студент корей тилин үйрөнүп жатат. Алардын ичинен элүүдөн ашык студент жана магистранттар Кореянын Ханбат, Моквон, Коңкук, Пей Чей сыяктуу жогорку окуу жайларында академиялык мобилдүүлүк программалары аркылуу билим алышууда. 

 

Photogallery