Evidence-based medicine courses

Main News

Evidence-based medicine courses

Image

Ош мамлекеттик университетинде “Далилдүү медицинанын негиздери. Кыйынчылыктар жана илимий жана билим берүү чөйрөсүндө колдонуу келечеги жана практикалык саламаттык сактоо” деген темада окутуу жүрүп жатат. Үч күнгө пландалган окутууда Медицина, Эл аралык медицина факультеттеринин окутуучулары, аспиранттар, ординаторлору далилдүү медицина боюнча эл аралык эксперт, медицина илимдеринин доктору Бермет Барктабасовадан билимин жогорулатышат.

Далилдүү медицина – бул далилдерге негизделген медицина. Башкача айтканда, медициналык практикага карата профилактикалык, диагностикалык жана дарылоо кийлигишүүлѳрүн колдонуу тууралуу чечимдер алардын натыйжалуулугу менен коопсуздугу боюнча колдогу далилдерге таянып кабыл алууну талап кылган мамиле. Андыктан бул биздин ишмердигибизде өтө зарыл болгон темалардан. Биздин тренингдин катышуучулары 3 күн аралыгында эксперттен билимин жогорулатып, сертификат алышат”, -деди уюштуруучу, Медицина факультетинин ички оорулар кафедрасынын башчысы Флора Рысматова.

Фото галерея