Коллеждерге кабыл алуу үчүн босого баллдар бекитилди

Main News

Коллеждерге кабыл алуу үчүн босого баллдар бекитилди

Image

2026–2027-окуу жылына карата орто кесиптик окуу жайларына (коллеждер) кабыл алууда абитуриенттер үчүн босого баллдар бекитилди.

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги билдиргендей, жалпы адистиктерге тапшырууда негизги тесттен 90 балл, ал эми ар бир предметтик тесттен 40 баллдан кем эмес жыйынтык талап кылынат. 

Педагогикалык жана саламаттык сактоо багыттары боюнча мамлекеттик билим берүү грантына тапшыруу үчүн негизги тесттен 95 балл, келишимдик негизде окуу үчүн 90 балл топтоо зарыл. Бул багыттарда да ар бир предметтик тесттен 40 баллдан кем эмес упай алуу талап кылынат. 

Айыл чарба багытындагы адистиктерге гранттык жана келишимдик негизде кабыл алууда негизги тесттин босого баллы 80 болуп белгиленди.

Эскерте кетсек, конкурска катышуу үчүн абитуриент тандаган адистиги боюнча белгиленген босого баллга тең же андан жогору упай топтошу керек.