ОшМУнун клиникасында жаңы төрөлгөн ымыркайларга татаал жүрөк операциялары жасалууда

Main News

ОшМУнун клиникасында жаңы төрөлгөн ымыркайларга татаал жүрөк операциялары жасалууда

Image

Ош мамлекеттик университетинин медициналык клиникасында тубаса жүрөк кемтиги менен төрөлгөн бир күндүк наристеге татаал операция ийгиликтүү жасалды. Учурда ымыркайдын абалы канааттандырарлык.

Бала төрөлгөндөн кийин эле дарыгерлер анда оор жүрөк кемтигин аныкташкан. Анын өмүрүн сактап калуу үчүн шашылыш чара көрүү зарыл болгон. Адистер кеңешмесинин чечими менен Рашкинд ыкмасы, башкача айтканда баллондук атриосептостомия жасоо чечилген.

Операцияны клиниканын рентгенэндоваскулярдык хирургу Заирбек Сыргаев башында турган адистер тобу жүргүздү.

«Рашкинд операциясы – жүрөктүн тубаса айрым оор кемтиктеринде колдонулуучу минималдуу инвазивдүү процедура болуп саналат. Бул ыкмада дене кесилбей, сан же киндик венасы аркылуу атайын катетер жүрөккө жеткирилет. Катетердин учундагы кичинекей баллон жүрөктүн оң жана сол дүлөйчөлөрүнүн ортосундагы тешикти кеңейтүүгө жардам берет. Натыйжада кан айлануу жакшырып, организмге кычкылтектин жетиши жогорулайт», –дейт Сыргаев.

Ушул эле ыкма менен салмагы бар болгону беш килограмм болгон 10 айлык наристеге, эки айлык ымыркайга да операция ийгиликтүү жасалган.

Адистердин айтымында, бул сыяктуу операциялар Кыргызстандын түштүгүндө сейрек жасалат. ОшМУнун клиникасында мындай заманбап операциялар быйылкы жылдын февраль айынан тарта башталды. Максат – жүрөк-кан тамыр оорулары боюнча заманбап дарылоо ыкмаларын өнүктүрүп, түштүк аймактагы балдарга сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү болууда.

Photogallery