ОшМУнун окутуучусу Памирдеги Юхин чокусун багындырды

Main News

ОшМУнун окутуучусу Памирдеги Юхин чокусун багындырды

Image

Педагогика, журналистика жана искусство институтунун ага окутуучусу Канибек Джанибаев Памир тоолорундагы экспедицияга катышып, деңиз деңгээлинен 5130 метр бийиктиктеги Юхин чокусун багындырды.

Альпинисттик сапар 8-июлда башталган. Ошол күнү Джанибаев Ленин чокусунун базалык лагеринде кытайлык төрт альпинист менен жолугуп, биринчи лагерге чейин көтөрүлгөн. 9-10-июль күндөрү аба ырайынын начардыгына байланыштуу базада даярдык иштерин жүргүзүшкөн.

11-июлда экспедиция Чоң-Алай районундагы Заалай кырка тоосундагы Юхин чокусуна чыккан. Бул чоку альпинисттер арасында кеңири белгилүү. Ал Ленин чокусуна жакын жайгашып, Памирдин панорамалык көрүнүшү менен өзгөчөлөнөт.

Канибек Джанибаевдын айтымында, бул сапар жогорку бийиктикке даярдыктын маанилүү этабы болду. Окутуучу келерки жылы Ленин чокусун багындырууну максат кылууда.

 

Photogallery