Окуу жайдын медициналык билим берүү боюнча беш программасы мамлекеттик программалык аккредитациядан ийгиликтүү өтүп, алты жылдык мөөнөткө аккредитацияланды. Алар:
Аккредитациянын жүрүшүндө аталган программалардын мамлекеттик талаптарга, адистерди даярдоонун сапат критерийлерине жооп берүүсү бааланды. Эксперттер окуу программаларынын мазмунун, окуу процессинин уюштурулушун жана профессордук-окутуучулук курамдын кесиптик мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгышты. Ошондой эле илимий-изилдөө иштери, материалдык-техникалык база, студенттердин практикалык даярдыгы үчүн түзүлгөн шарттарга баа берилди.
Жыйынтыгында ОшМУнун медициналык билим берүү программалары заманбап талаптарга, эмгек рыногунун жана саламаттык сактоо тармагынын учурдагы муктаждыктарына жооп берери аныкталды.