14–19-сентябрь күндөрү ОшМУнун эл аралык медицина факультетинин окутуучулары Чолпонбай Темиров, Жазгүл Эсеналиева Кытайдын Сычуань провинциясында өткөн эл аралык билим берүү программасына катышты.
Окутуу Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн салттуу кытай медицинасынын технологиялары, маданияты багыты боюнча Чэнду салттуу кытай медицинасы университетинин алдындагы ооруканада өттү.
Программанын алкагында окутуучулар салттуу кытай медицинасынын негизги багыттары, заманбап технологиялары, аларды практикада колдонуу өзгөчөлүктөрү менен таанышты. Ошондой эле анын тарыхы, маданий мурасы тууралуу маалымат алышты.
Эл аралык программа окутуучулардын кесиптик билимин өркүндөтүп, чет өлкөлүк тажрыйба менен таанышууга жана аны окуу процессинде колдонуу боюнча жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түздү.