Ош мамлекеттик университетинде Атуулдук стипендия алуу үчүн сынакка катышуу үчүн документтерди кабыл алуу башталды.
Сынактын эрежелерине ылайык, ал ар бир институтта жана факультетте өткөрүлүп, жеңүүчү катары бирден студент университетке сунушталат.
Сынакка катышууну каалаган студенттер институттун же факультеттин сунуштама катын алышы керек.
Документтерди кабыл алуу мөөнөтү — 7-ноябрга чейин.
Катышуучулар портфолиосун ОшМУнун башкы имаратынын 121-кабинетине тапшырышы зарыл.
Кошумча маалымат алуу үчүн ОшМУнун башкы имаратынын 121-кабинетине кайрылсаңыздар болот.