15–17-октябрда Кытайдын Тяньцзинь шаарында 2026-жылдагы дүйнөлүк кесиптик-техникалык билим берүүнү өнүктүрүү конференциясы өтүүдө.
«Кесиптик-техникалык билим берүү: өзгөрүүлөрдү кабыл алуу, стандарттарды калыптандыруу жана биргелешкен келечекти куруу» темасындагы эл аралык иш-чарага дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөсүнөн мамлекеттик жана билим берүү тармагынын өкүлдөрү, министрлер, эксперттер, өнөр жай жетекчилери катышууда.
Конференцияга Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков жана кыргыз-кытай факультетинин деканы Тыныстан Пазылов барды. Пленардык жыйында сүйлөгөн ректор заманбап адистерди даярдоодо эл аралык кызматташтыктын жана билим берүү тажрыйбасын алмашуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Иш-чаранын негизги багыттарына кесиптик билим берүүнүн эл аралык стандарттарын бекемдөө, Пекин келишими аркылуу дүйнөлүк кызматташтыкты өнүктүрүү, «Лубань устаканасы» сыяктуу биргелешкен долбоорлорду кеңейтүү, заманбап технологияларды жана санариптик чечимдерди окуу процессине киргизүү кирет. Ошондой эле өлкөлөр бири-бири менен тажрыйба алмашууда.
Конференциянын алкагында ОшМУ менен Тяньцзинь шаарындагы кесиптик билим берүү мекемелеринин кызматташтыгын өнүктүрүү демилгелери каралууда. Атап айтканда, кыргыз-кытай факультетинин базасында заманбап логистика багытындагы «Лубань устаканасын» түзүү пландалууда. Келечекте электромобилдерди тейлөө жана башка технологиялык багыттар боюнча адистерди даярдоо мүмкүнчүлүктөрү да талкууланууда.