ОшМУда 700гө жакын студент катышкан массалык чуркоо өттү

Main News

ОшМУда 700гө жакын студент катышкан массалык чуркоо өттү

Image

24-октябрда ОшМУ Ош жана Манас шаарларындагы жогорку окуу жайлардын студенттери, 40 жаштан жогорку каалоочулар үчүн массалык чуркоо өткөрдү. Ага 700гө жакын адам катышып, үч чакырым аралыкка чуркашты.

Спорттук иш-чарага ОшМУнун, М. М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин, Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин, А. Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин жана Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенттери менен окутуучулары катышты.

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков катышуучуларды куттуктап, «Жаратман муун» демилгеси жаштардын сергек жашоо образын жайылтууда, спортко кызыгууну арттырууда жана ынтымакты бекемдөөдө маанилүү экенин белгиледи.

Чуркоонун жыйынтыгында алдыңкы орундарды ээлегендерге акчалай сыйлыктар, баалуу белектер, кубок, медалдар тапшырылды. Жалпы байге фонду 135 миң сомду түздү.

Аталган иш-чара Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин демилгеси менен «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» улуттук дем доктринасынын алкагында ишке ашырылып жаткан «Жаратман муун» долбооруна ылайык уюштурулду. 

Долбоор студенттердин дени сак жашоо образын калыптандырып, жарандык жоопкерчилигин, коомдук активдүүлүгүн, мекенчилдик сезимин арттырууга багытталган. Анын алкагында экологиялык акциялар, спорттук иш-чаралар жана жаштарды коомго пайдалуу демилгелерге тартуу боюнча иш-чаралар өтүп жатат.

 

Photogallery